8, Февраля 2010
Бириккен Элдик Кыймылдын Билдирүүсү
Азыркы бийлик улуттук байлыктарды уурдап-тоноодо кезектеги ойго келгис кадамын жасады. "Түндүкэлектро" ачык акционердик коому ишканасы эч кимге белгисиз чет өлкөлөрдүн бириндеги офшордук аймакта катталган "Чакан ГЭС" акционердик коомуна текейден арзан сатылды. 2009-жылдагы акча жүгүртүмү 2.5 млрд. сомду, ал эми азыркы жаңы тарифтер менен алганда 2010-жылкы акча жүгүртүмү 5 млрд. сомдон аша турган ишкана 3 млн. долларга, же болбосо 132 млн гана сомго сатылып кетти.