06.09.2005

 
 ЭКС-ПРЕМЬЕР-МИНИСТР НИКОЛАЙ ТАНАЕВ КЫРГЫЗ-КАЗАК ЧЕГИНЕН КАРМАЛДЫ
6-сентябрда Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Николай Танаев Кыргызстандын Казакстан менен чектеш «Акжол» чек ара бекетинен өтүү аракети учурунда чекара кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу ушул эле күнү Башкы прокуратурадан маалымдашты.


Чек ара бекетинде премьер-министрдин кармалгандыгы боюнча протоколдор түзүлүп, ал камакка алынды. Башкача айтканда, буга чейин Жогорку Кеңештин бир нече депутатынын кепилдиги менен үй камагында отурган Николай Танаевге эми баш коргоо чарасы өзгөртүлдү.

Мурдагы өкмөт башчынын адвокаты Максим Максимович бул күнү «Азаттыкка» билдиргенине караганда, Танаев качып кетүү ниетин көздөгөн эмес, бирок анын катачылыгы бир күнгө Алматы шаарына кетип жаткандыгы тууралуу тергөөчүлөргө эскертип койбогондугунда болду. Максимович билдиргендей, Николай Танаев Улуттук коопсуздук кызматына камакка алынып келинди. Адвокаттын пикиринде, экс-премьер-министрдин кармалып, камакка алынышы негизсиз болду. Ал ошондой эле Танаев этникалык орус болгондугуна байланыштуу анын камакка алынгандыгы жөнүндө Оруиянын өкмөтүн кабардар кылгандыгы жөнүндө да айтты.