"Асман.Kg" гезити 29-июлда чыккан санында «Үзөңгү-Кууштун» сатылышына 2002-жылы ошол кездеги парламенттеги кайсы депутаттар кандай добуш бергендигинин тизмесин жарыялады. Бул келишимге добуш берүү 2002-жылдын 10-майында болгон.
Үзөңгү-Кууштун сатылышына «макулмун» деп добуш бергендер
Т.А.Абдрасулова
К.А.Алымкулов
Т.Б.Балтабаев
К.К.Байболов
Т.Ж.Боромбаева
Б.Х.Гогаев
К.Н.Жолдошев
А.У.Жапаров
Б.Ж.Жураев
Б.А.Иманкулов
А.В.Карпасов
К.Ж.Карабеков
Ж.К.Каниметов
Л.Н.Комиссарова
А.Т.Керимкулов
М.М.Күчүков
З.К.Курманов
Х.З.Коркмазов
А.Ю.Лобода
А.У.Мамбеталиева
И.К.Молдоташев
К.Э.Осмонов
М.У.Субанов
А.А.Султанов
Т.А.Сариев
Т.Д.Сарпашев
А.Раимкулов
И.Н.Токоев
В.Г.Толоконцев
Т.У.Усубалиев
Б.Ж.Кудайбергенов
Т.У.Чекиев
С.Чырмашев
А.А.Шадиев
З.Э.Шарапов
А.Э.Эркинбаев
Каршы, калыстар:
Ө.Ч.Текебаев — каршы
А.Таштанбеков — каршы
Б.Алымбеков — калыс
М.Султанов — калыс
О.Малеваная — добуш берген эмес
Жер сатууга каршы болуп, залдан чыгып кеткендер:
А.Абдымомунов
Б.Акунов
Б.Асанов
Н.Байло
Т.Бакир уулу
Б.Бекбоев
А.Бекназаров
Э.Булекбаев
Э.Дүйшеев
И.Исаков
И.Кадырбеков
А.Мадумаров
А.Масалиев
А.Проненко
Д.Садырбаев
Д.Чотонов
Эскерте кетүүчү жагдай, добуш берүүгө келгенде депутаттар үч топко бөлүнүшкөн. Биринчилери А.Акаевди колдоп, жерди саталы, кытайларга берели деп добуш беришкен. Экинчи топтогулар добуш берүү процессин үзгүлтүккө учуратуу менен жердин сатылышына бөгөт болууга аракет кылышкан.
«Ушул күнгө чейин Үзөңгү-Куушта алтын болгон деп жүрөбүз. Бирок ал жерде алтындан да кымбат турган кыргыздын мөңгүсү, суусу турат. Кытайлыктар кызыкканы дал ошол мүрөктөй болгон суу экенин сезип турабыз», - деп белгиленет гезитте.